Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбай кызы: Кыргызгидромет эми абанын булганышын да көрсөтүп турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист Управления наблюдения за загрязнением окружающей среды Кыргызгидромета Мээрим Асанбай кызы
Специалист Управления наблюдения за загрязнением окружающей среды Кыргызгидромета Мээрим Асанбай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин атмосфераны байкоо бөлүмүнүн башчысы Мээрим Асанбай кызы аталган мекеме аба ырайы тууралуу онлайн маалымат берүүнүн сапатын жакшыртып жаткандыгын айтты.
Асанбай кызы: Кыргызгидромет эми абанын булганышын да көрсөтүп турат

Кыргызгидромет 2020-жылдан жылдан баштап күндүн табы, шамалдын ылдамдыгынан сырткары күн сайын абанын тазалыгы тууралуу да маалымат берип турат. Бул тууралуу Мээрим Асанбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин абанын тазалыгы тууралуу онлайн тартипте эмес, жөн гана маалымат иретинде берилип келген.

"2019-жылы Кыргызгидрометтин расмий сайты жакшыртылып, иштелип чыкты. Ага ылайык, аба ырайы тууралуу маалыматты эки тилде онлайн берип калдык. Бул кыргызстандыктарды так маалымат менен камсыздоого багытталган аракет болду. Жыйынтыгы жаман эмес. Эми алдыда күндүн табына кошуп абанын тазалыгы тууралуу да күн сайын маалымат берип турууну пландап жатабыз. Негизи абанын сапаты күн сайын эле текшерилет. Бирок онлайн режимде маалымдалчу эмес. Эми жарандар каалаган учурда биздин расмий сайтты ачып, аба кайсыл жерде канчалык булганып жаткандыгы тууралуу онлайн маалымат ала алат", — деди Асанбай кызы.

Ал ошондой эле абанын тазалыгын өлчөөдө бир эле жердеги жабдыктын көрсөтмөсүнө таянуу туура эместигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0