Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сеитов: арзандатылган айып пулдар 2020-жылдын 1-кварталынан тарта салынат

© Sputnik / Асель СыдыковаИчки иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов. Архив
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов жаңы жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жети багыт боюнча айып пул арзандарын айтты.
Сеитов: арзандатылган айып пулдар 2020-жылдын 1-кварталынан тарта салынат

Коомчулуктун нааразычылыгын жараткан айрым жол эрежелерин бузуудагы төмөндөгөн айып пулдар 2020-жылдын биринчи кварталынан тарта салууга аракет кылып жатабыз. Бул тууралуу Бакыт Сеитов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам бузууда олуттуу автокырсыктарга алып келбеген жети эреженин айып акчасы 3000 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү.

"2019-жылдын башында кирген жаңы кодекстерге ылайык, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жеңил мыйзам бузууларга салынчу айып пулдун көлөмү катуу сынга кабылган. Биз бул багытта иликтөө, анализ иштерин жүргүзүп, чындыгында айрым эреже бузууларга айып пулдун көлөмүн азайтуу керектигине ынандык. Анын негизинде мыйзам бузулса, адамдын саламаттыгына оор залака келбей турган учурларда 3000 сом эмес, 1000 сом айып төлөөнү Жогорку Кеңешке сунуштаганбыз. Биздин сунуш эл өкүлдөрү тарабынан жактырылган. Дагы бир жолку окуудан өткөн соң күчүнө кирет. Жеңилдетилген учурда деле мурдагыдай 15 күндө төлөнсө, 50 пайыз арзандатылат. Башкача айтканда, 1000 сом ордуна 500 сом алынат. Бул эрежелер 2020-жылдын биринчи кварталында ишке кирет", — деди Сеитов.

Ал кайсы мыйзам бузууларга айып пул арзандатыларын ИИМдин расмий сайтынан көрүп алса болорун жана мыйзам күчүнө кирген соң кенен маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0