Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ирсалиев: жаңы жылдык кечелер 15-январга чейин уланат

© Фото / Эрмек ЖенишовТой-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев. Архив
Той-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Той-салтанаттарды уюштуруу компаниясынын өкүлү Акыл Ирсалиев жыл өткөн сайын кардарлар өзгөчө салтанатты талап кылып жатканын айтты.
Ирсалиев: жаңы жылдык кечелер 15-январга чейин уланат

Быйыл декабрда жаңы жылдык кечелер менен бирге эле үйлөнүү тойлор да көп болду. Бул тууралуу Акыл Ирсалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кийинки учурда айрым мекемелер жаңы жыл кирип келгенден кийин салтанат өткөрө башташты.

"2019-жылы жаңы жылдык кечелер, корпоративдер 14-декабрдан башталды. Мындай майрамдар азыраак болсо дагы январдын 15ине чейин уланат. Жыл өткөн сайын кардарлардын талабы өзгөрүп жатат. Мурда ырчы, бийчи, Аяз ата, Аяз кыз чакырып тамак жеп өтүп кетсе, учурда маскарад же атайын тематикада, шоу-программа менен өткөрүүнү талап кылышууда. Корпоративдик салтанаттарды ачык жана жабык деп бөлүп өткөрүп келебиз. Биздин компания өтчү жердин кооздугунан баштап тамак-аш, шоу программаларды уюштуруп, иш-чараны толугу менен өз мойнуна алат. Жыл соңунда ар бир мекемеде иш көп. Алар майрам уюштурууга жетишпей калган учурлары болот. Ошондуктан акыркы учурда той-салтанат уюштурууну бул багытта кызмат көрсөткөн компанияларга тапшыруу популярдуу болуп баратат", — деди Ирсалиев.

Ал салтанат уюштуруу компаниясынын кызматынан пайдалануу наркы орто эсеп менен киши башына 2000-3500 сомдун тегерегинде айланарын, бул өткөргөн жерине жана күнүнө байланыштуу экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0