09:20 21 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.4170
  • RUB1.0958

Каратаев: 2019-жылы төрөттөн каза болгон энелердин саны 10,5%га азайды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдө орточо жашоо узактыгы 71 жаш үч айга жеткенин, бул 2012-жылга салыштырмалуу бир жыл үч айга көп экендигин айтты.

2018-жылга салыштырмалуу быйыл төрөт учурунда каза тапкан энелердин саны 10,5 пайызга азайды. Бул тууралуу Мадамин Каратаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы ымыркайлардын өлүмүнүн саны дагы кыскарып, 1000 балага 12,9 пайызды түзгөн.

"Саламаттык сактоо тармагы үчүн өтүп бараткан жыл жемиштүү болду деп айта алабыз. Анткени санариптик тейлөөгө өттүк. Бул багытта орчундуу, көлөмдүү жумуштар аткарылды. Ошондой эле 2019-жылы адамдардын жашоо узактыгынын орточо эсеби 71,3тү түздү. Аялдар үчүн 75,6 курак орто жаш болуп эсептелсе, эркектердики 67,4кө жетти. Бул 2012-жылга салыштырмалуу дээрлик бир жыл үч айга узак. Ошондой эле кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки 42 күн аралыгында каза болгон энелердин саны 100 миң балага 27,4 энени түздү. Бул былтыркыга салыштырмалуу 10,5 пайызга аз. Ымыркайлардын көз жумуу фактылары да сезилерлик кыскарды. 2018-жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга аз катталды", — деди Каратаев.

Аткаминер жогоруда көрсөтүлгөн жетишкендиктерди бир гана саламаттык сактоо тармагынын эмгеги эмес, республикадагы бардык тиешелүү органдардын иши деп баалады.

Тема боюнча

Мамбетов: тукумсуздукту шарттаган варикоцеле оорусу башында сезилбейт
Белгилер:
жеке жашоо, ден соолук, калк

ЭҢ МААНИЛҮҮ