Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: китеп окууга спортко мамиле кылгандай эле көңүл буруу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовРуководитель фонда "Ыйман" Нуржигит Кадырбеков
Руководитель фонда Ыйман Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков окуй турган китепти туура тандап үйрөнүү керектигин айтты.
Кадырбеков: китеп окууга спортко мамиле кылгандай эле көңүл буруу керек

Китеп окууга спортко көңүл бургандай эле олуттуу мамиле жасоо керек. Антпесек, азыркы коомдо адамдар эч нерсеге жетишпей калды. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, китепти да күндө окуп, спорт менен машыгып жаткандай эле өзүңдү көндүрүү зарыл.

"Азыр техниканын заманы дейбиз, баары жеңил, баары бар, бирок китеп окууга убактыбыз жок. Чындыгында бул  жөн гана шылтоо. Китепти окууга каалоо жок болсо күндө аз-аздан окууну адатка айландыруу менен көнсө болот. Ал эми анча-мынча китеп окуп койгондор андан да көбүрөөк убактысын бөлүп, китеп менен достошуусун күчөтүүсү керек. Анткени адам баласы китеп окуудан эч кандай зыян тартпайт. Азыр мүмкүнчүлүктөр толтура, шартыңа карап электрондук, жолдо баратсаң аудио китептерин колдонсоң болот. Башкысы — токтотпоо керек. Айрымдар китеп окууга убактысы бар болгону менен кызыкпай жатышканын айтышат. Андыктан китепти тандай билүү маанилүү. Эмнени окуп, кантип китеп дүйнөсүнө кирүүнү билбей жүргөндөргө классикалык жанрдагы чыгармаларды барактоону сунуштайт элем", — деди Кадырбеков.

Ал ошондой эле кызыккандар шыктандыруучу китептерди да окуп турса пайдалуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0