Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сеитов: жаңы жылдык майрамда коопсуздукка 10 миң милиционер көз салат

© Sputnik / Асель СыдыковаИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов
ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов жер-жерлерде Жаңы жыл майрамын белгилөөдө коомдук тартип катуу көзөмөлгө алынарын айтты.
Сеитов: жаңы жылдык майрамда коопсуздукка 10 миң милиционер көз салат

30-декабрдан тартып 1-январга чейин республика боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Бакыт Сеитов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, үч күн бою Бишкек шаарында 2000 тартип сакчысы коомдук коопсуздукка көз салса, 1500 милиционер Ошто иштейт.

"Жыл сайын жаңы жылдык салтанаттарга байланыштуу милиция үч күн күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Быйыл да 30-декабрдан баштап 1-январга чейин биздин кызматкерлер өздөрүнө бөлүнгөн аймактарында күнү-түнү коомдук тартипке көз салып турушмакчы. Бул багытта атайын тапшырмалар берилген. Жалпысынан бул күндөрү 10 миң тартип сакчысы кызматка чыкса, анын 2000и борбор калаада болот. Милиция кызматкерлери автоунаа кыймылына, жөө тургундарга көз салып, элдин жакшы маанайда жаңы жылды тосуп алуусуна болгон күчүн жумшайт", — деди Сеитов.

Ал ошондой эле автотранспорт ээлерин майрам күндөрү спирт ичимдиктерин ичип алып машина айдабоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0