Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамканов: спортчулардын дары-дармегине жыл сайын 7 млн. сом бөлүнөт

© Sputnik / Асель СыдыковаСпорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Жоомарт Шамканов эл аралык жана дүйнөлүк аренада ийгилик жаратуу үчүн спортчулар атайын медициналык препараттарды, тактап айтканда, витаминдерди сөзсүз колдонушу керектигин айтты.
Шамканов: спортчулардын дары-дармегине жыл сайын 7 млн. сом бөлүнөт

Спорттун олимпиадалык түрлөрү менен машыккан спортчулардын фармакологиясына жыл сайын 7 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жоомарт Шамканов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, профессионал спортчулардын машыгуулары өтө оор болот жана алардын организминин кайра калыбына келүүсү үчүн тийиштүү дары-дармектер керектелет.

"Бүгүнкү күндө чоң спортто ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз түрдө медициналык препараттар керек. Анткени профессионал спортчулар машыгуу учурунда күч-кубатын коротуп, катуу чарчашат. Ал эми стресске учураган организмди кайра калыбына келтирүү үчүн же эс алуу керек, же учурдагы медициналык дары-дармектерди колдонуу зарыл. Мамлекет тарабынан  спорттун олимпиадалык түрлөрүнө атайын фармакологияга жыл сайын 7 миллион сом бөлүнөт. Биз анын 6 миллионуна мамлекеттик сатып алуулар аркылуу спортчуларга тийиштүү дары-дармектерин алып беребиз. Бул боюнча Кыргызстанда препараттардын атайын реестри да бар. Бирок бүткүл дүйнөлүк антидопингдик агенттик (WADA) уруксат берген айрым витаминдер өлкөгө келбейт. Аларды спорт федерациялары же меценаттар алып беришет", — деди Шамканов.

Директор эмдиги жылы Японияда өтө турган XXXII жайкы олимпиада оюндарына оор атлетика, дзюдо жана бокс боюнча да лицензия алууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0