Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторбаева: сасык тумоого чалдыккандар былтыркыга караганда быйыл аз

© Sputnik / Асель СыдыковаОорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаев
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева учурда былтыркы жылдын 51-жумасына салыштырмалуу сасык тумоонун деңгээли 22 пайызга төмөн экенин айтты.
Оторбаева: сасык тумоого чалдыккандар былтыркыга караганда быйыл аз

2018-жылы ушул убакытта илдетке чалдыккан 8500дөй учур болсо, быйыл 6000 кишиден ашык гана бейтап катталды. Биз жума сайын оорунун өсүү темпин байкоого алып турабыз. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда сыркоологондордун саны өскөнүнө карабастан, эпидемиологиялык абал стабилдүү.

"Илдетке чалдыккандардын 74 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзүүдө. Бирок ооруп калып мектеп, бала бакчага баргандардын саны азайган жок. Сасык тумоонун жайылышынын башкы себеби коомдук жайларда адамдардын көптүгүнөн ооруп калган бир кишиден башкасына жугуп калып жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму божомолдогондой эле лабораториялык аныктоолор боюнча учурда сасык тумоонун А (н3n2) деген түрү көп катталды, ал эми В түрү бир аз азыраак. Быйыл Саламаттыкты сактоо министрлиги оорулардын алдын алуу үчүн 150 миңден жогору вакцина сатып алган. Алгач тобокел тобундагы адамдарга, өнөкөт оорулары барларга, 65 жаштан жогору карыларга, кош бойлуу аялдарга, көп ооруган балдарга жана медицина кызматкерлерине бекер эмдөө жасалып бүттү. Азыркы учурда жеке менчик медициналык борборлорунан 550-650 сомдон сасык тумоого каршы эмдөө алса болот", — деди Оторбаева.

Ал эмдөө алган адам 10 күндөй тумоолоп калгандардан алыс болуп, оору жугузуп албоого аракет кылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0