Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Осмоналиев: мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу көйгөйгө айланып баратат

© Sputnik / Асель СыдыковаВедущий специалист Нацкомиссии по госязыку Темирбек Осмоналиев
Ведущий специалист Нацкомиссии по госязыку Темирбек Осмоналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Темирбек Осмоналиев үстүбүздөгү жылы аталган мекеменин өкүлдөрү республиканы кыдырып, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүп келишкенин айтты.
Осмоналиев: мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу көйгөйгө айланып баратат

Иш кагаздарынын канчалык деңгээлде мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатканын аныктоо максатында республикалык мониторинг жүргүзүлдү. 2019-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында гана мындай иш-чараларды өткөрүүгө жетиштик. Башка аймактар кийинки жылдын эсебинен мониторингге алынат. Бул тууралуу Темирбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Калктын дээрлик 55 пайызы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жашайт. Ал жактагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында кандай иштер аткарылып жатканын жана жыйынтыктарын билүү максатында үстүбүздөгү жылы аталган үч облуска атайын мониторинг жүргүзгөнбүз. Анын жыйынтыгында иш кагаздарынын 99 пайызы мамлекеттик тилде жүрүп жатканына күбө болдук. Бирок кыргыз тилинде сабаттуу жазуу маселеси бар экени аныкталды. Мындан улам, мамлекеттик иш кагаздарды толтуруу нормалары каралган өкмөттүн №517 токтомунун негизинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тийиштүү окуу куралдарын жана алардын электрондук варианттарын компьютерлерине көчүрүп бердик. Эмдиги жылы бул боюнча иштерди башка облустарда да алып барабыз", — деди Осмоналиев.

Ал Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан учурда 2021-2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу багытында күжүрмөн аракеттер жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0