Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: заманбап автодром куруу пландаштырылууда

© Sputnik / Асель СыдыковаПредседатель ГРС КР Алмаз Мамбетов
Председатель ГРС КР Алмаз Мамбетов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов каттоо кызматындагы кезек күтүүлөрдү жана автоунааларды каттоодогу кыйынчылыктарды жеңилдетүү үчүн иштер алып барылып жатканын айтты.
Мамбетов: заманбап автодром куруу пландаштырылууда

Жакын арада заманбап  автодром  куруу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматында калкты каттоо департаменти, архивдик агенттик, инфоком, кыргыз почтасы, унаа мамлекеттик ишканасы кызматтары иштейт.

"Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматына быйыл 10 жыл толду. Аталган мекемеге төрага болуп апрель айында келгем. Негизги жетишкендигибиз автоунааларды каттоого, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк жана автокөлүктөргө номур алууга жеңилдиктер киргизилди. Мурда документтерди жеке компания жасап берсе, эми бул нерсени өзүбүз колго алдык. Айдоочулук күбөлүк 1300 сомдун тегерегинде берилип келген, эми 700 сомго чейин арзандады. Автоунаанын техпаспорту мурда 10 евро болсо, азыр 192 сомго, кайра каттоодогу төлөм 50 пайызга түштү. Ошондой эле автомашинанын номурлары 385 сомдун тегерегинде берилсе, эми 200 сом болуп калды. Биз бул менен гана чектелип калбайбыз. Алдыда заманбап автодром курууну пландаштырып жатабыз. Анда шаардын имитациясы салынып, камералар коюлуп, унааларды инструкторсуз айдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Мамбетов.

Ал жасалма номурларды тагып жүргөн айдоочуларга катуу жаза берилиши керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0