Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Деркембаев: медиалар ортосунда рекламалык "токоч" калыс бөлүнбөй калууда

© Sputnik / Асель СыдыковаӨлкөдөгү телеканалдардын биринин башкы продюсери Алтынбек Деркембаев
Өлкөдөгү телеканалдардын биринин башкы продюсери Алтынбек Деркембаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү телеканалдардын биринин башкы продюсери Алтынбек Деркембаев өзү иштеген канал "Теле берүү жана радио уктуруу" мыйзамынын эрежелерин сактап иштөөгө аракеттенип жатканын айтты.
Деркембаев: медиалар ортосунда рекламалык "токоч" калыс бөлүнбөй калууда

Учурда айрым телеканалдардын жетекчилери мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды өзгөртүүнү же аны аткарууга дагы убакытты узартып берүүнү суранып жатышат. Менин пикиримде, эреже кабыл алынган соң бардык тиешелүү медиалар аны аткарууга милдеттүү. Мындай пикирин Алтынбек Деркембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, NewTV каналы бул мыйзамда көрсөтүлгөн айрым эрежелерди бузгандыгы боюнча эскертүү алган соң тартууланып жаткан программалардын 50 пайызы же андан ашыгыраагы өздүк продукция жана мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөрдү даярдап жатат.

"Теле көрсөтүү жана радио уктуруу мыйзамына 2017-жылы өзгөртүүлөр кирип, анын негизинде ар бир радио жана телеканал чыгарып жаткан продукциясынын 50 пайызын өздөрү жасаш керек. Тагыраак атйканда, атамекендик продукция болушу зарыл. Ошондой эле эфирдин 50 пайыздан аз эмеси кыргыз тилинде жарык көрүшү көрсөтүлгөн. Биздин канал эскертүү алган соң аталган талаптарды аткарып жатат. Ал эми айрым медиа жетекчилер даярдануу убактысын дагы алдыга жылдырып берүүнү же айрым пункттарын өзгөртүүнү сунушташууда. Менимче бул туура эмес. Жетишерлик убакыт берилди, эми мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте иштешибиз керек. Антпесе айрым каналдар 3-4 кишиден турган жамааты менен эле пираттык тасмаларды коюп, ири жарнама берүүчүлөрдү өзүнө тартып кетүүдө. Алар өз продукциясын жасабагандыктан, жарнаманын баасын да түшүрүп, башкача айтканда, жеке телеканалдар үчүн каржынын негизги булагы болгон рекламалык "токочтун" чоң кесимин өздөрүнө алып коюшууда", — деди Деркембаев.

Ал аталган мыйзам мамлекеттик тилди колдоодогу чоң кадамдардын бири деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0