Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: жатаканада жашаган студенттердин маалымат базасы түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Махабат Мамытова
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Махабат Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Махабат Мамытова жатаканада жашаган студенттердин маалымат базасы түзүлөрүн айтты.
Мамытова: жатаканада жашаган студенттердин маалымат базасы түзүлөт

Жатаканалардын имараттары, бөлмөлөрү жакшыртылып, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо сыяктуу бир топ иштер аткарылат. Бул тууралуу Махабат Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, студенттер үчүн жатаканада медициналык тейлөө кабинети ачылат.

"Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жатаканаларындагы студенттердин жашоо шартын жакшыртуу боюнча билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу чыкты. 2019-жылдын 19-ноябрынан бери бул багытта иш алып барып жатабыз. Министр өзү дагы окуу жайларды кыдырып, студенттер кандай шартта жашап жатканын көрүп, жетекчилер менен жолугушуу өткөрдү. Оңдоп-түзөөлөр мамлекеттик окуу жайларда жүргүзүлөт. Бирок билим берүү башкармалыгы болгондуктан жеке менчик, эл аралык окуу жайларды да текшерүүдөн өткөрдүк. Учурда 2020-жылы жатаканаларга коюлуучу камералардын саны, кошумча бөлмөлөр жана ага кеткен каражат эсептелип чыкты. Андан тышкары, жууркан, төшөк, керебет сатып алуу планы түзүлдү", — деди Мамытова.

Ал студенттер акысыз WI-FI менен камсыздаларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0