Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: Бишкекке келген чет элдик президенттер койдун, топоздун этин ала кетишет

© Sputnik / Асель СыдыковаШеф-повар Мырзабек Рысбаев
Шеф-повар Мырзабек Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү ресторандардын биринин башкы ашпозчусу Мырзабек Рысбаев Кыргызстанда өндүрүлгөн эт азыктарынын сапаты жогору экенин айтты.
Рысбаев: Бишкекке келген чет элдик президенттер койдун, топоздун этин ала кетишет

Биздеги балык, уй, кой жана жылкынын этин чет өлкөдөн келген коноктор эң даамдуу деп айтышат. Бул тууралуу Мырзабек Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым балыктын түрлөрү сырттан тоңдурулуп алып келингендиктен, даамы кетип, супсак болуп калат.

"Жакында эле мамлекеттик деңгээлдеги ШКУ, ЖККУ сыяктуу уюмдардын иш-чараларына келген мамлекет лидерлерине, аларды коштоп келген делегацияга тамак даярдап берип жаттык. Ар бир президенттин дарыгери тамак жасаганыңды жаныңда карап турат жана эмне кошуп жатканыңа чейин көзөмөлгө алат. Мисалы, 12 адамга тамак жасасак бир порция ашыкча даярдап дарыгерге беребиз. Ал текшергенден кийин гана конокторго берилет. Биздин тамактарга өзгөчө баа беришет. Себеби азыктар таза жана сапаттуу. Көп учурда чет элдик президенттер койдун, топоздун чийки этине тапшырык берип, ала кетишет", — деди Рысбаев.

Ашпозчу Кыргызстанда өндүрүлгөн этти текшере келгенде сапаты чет элдикине салыштырмалуу жогору экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0