Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аскеров: дүйнөлүк стандарттарга жетүү үчүн аракет көрүп жатабыз

© Sputnik / Эркин СадыковАр кайсы адистиктер боюнча КРдин ординаторлор ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз медициналык биримдигинин президенти, профессор-гинеколог Арсен Аскеров
Ар кайсы адистиктер боюнча КРдин ординаторлор ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз медициналык биримдигинин президенти, профессор-гинеколог Арсен Аскеров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар кайсы адистиктер боюнча КРдин ординаторлор ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз медициналык биримдигинин президенти, профессор-гинеколог Арсен Аскеров медициналык билим берүүнүн реформасын жүргүзүү татаал экендигин айтты.
Аскеров: дүйнөлүк стандарттарга жетүү үчүн аракет көрүп жатабыз

Өлкөбүздө кадр кризиси бар. Профессионалдык стимулдун жоктугунан, айлыктын аздыгынан күчтүү дарыгерлер чет мамлекетке чыгып кетишкен. Бул тууралуу Арсен Аскеров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, облустук шаарларда дагы дарыгерлердин мүмкүнчүлүгү базалык медициналык жардам көрсөтүүгө гана жетип жатат.

"Чет мамлекетти алып көрсөк медициналык окуу жайга жөнөкөй бүтүрүүчү барбайт. Ал сөзсүз түрдө медициналык мектеп же колледжди бүтүрүп, анан гана жогорку окуу жайга тапшырат. Андан кийин резидентурадан өткөндөн кийин гана бейтапты дарылаганга уруксат берилет. Бизде болсо Совет доорунан бери азыркы окуу модели калып калган. Себеби адистер жетишсиз болгондуктан орто окууну бүткөндөн кийин түз эле медициналык окуу жайга тапшырып, андан кийин интернатураны окуп бүтүп эле дарыгерлик кызматын кылып башташкан. Ал эми жакында эле интернатура модели жоюлду. Дүйнөлүк стандарттарга жетели деп акырындык менен реформаларды жүргүзүп жатабыз. Мисалы, азыр студенттер үч жылдык ординатураны окушу керек. Айрым абдан татаал кардио, пластикалык хирургия кесиптери болсо 4-5 жыл окуудан өтүшү зарыл", — деди Аскеров.

Профессор келечектеги кызматкерлердин билим алуусун, даярдыгын жогорулатуу максатында ординаторлор биримдигин негиздешкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0