Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Досмамбетов: электрондук тамекиден өпкө химиялык күйүк алат

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттык сактоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн серепчиси Адилет Досмамбетов
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттык сактоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн серепчиси Адилет Досмамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттык сактоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн серепчиси Адилет Досмамбетов электрондук чылым барган сайын кеңири жайыла баштаганын айтты.
Досмамбетов: электрондук тамекиден өпкө химиялык күйүк алат

Электрондук чылым ысыганда аэрозоль, уулуу формальдегид газы бөлүнүп чыгат да, тамырларды ичкертип, жүрөккө күч келип, инсульт, өпкөнүн химиялык күйүк алышына, көздүн ириңдешине алып келет. Бул тууралуу Адилет Досмамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук чылымдын баасы кымбат болгондуктан Америка, Европадагыдай популярдуу боло элек.

"Азыркы мезгилде эркектердин 50 пайызы тамеки, 20сы насвай чегет. Тамеки тарткан аялдар 7-8 пайызды түзүп, статистикасы өстү. Ал эми электрондук чылым абдан актуалдуу болуп жатат. Курамында никотин жок, тамеки таштаганга жардам берет деген имиштер бар. Албетте, бул нерсени да тамеки чыгарган компаниялар жасайт. Ал электр энергиясы менен кубатталат, көрүнүшү смартфон сыяктуу кооз болот дагы, бул нерсе жаштарды абдан кызыктырууда. Андан тышкары, курамында жагымдуу жыт, даам берүүчү кошулмалар болгондуктан, никотинди сезбей калышат. Мунун кесепетинен Америкада 20дай өспүрүм каза тапкан учур катталган", — деди Досмамбетов.

Серепчи учурда тамеки менен күрөшүү боюнча жобо Жогорку Кеңеште каралып жатканын, азырынча өлкөбүздө чылым сатуу боюнча чектөөлөр жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0