Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жантаев: Мыйзам бузуулар кодексинде бааны негизсиз көтөрүү беренеси бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКеректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Жантаев
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Жантаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Чыңгыз Жантаев мыйзам боюнча социалдык тармактардагы товар сатуулар көзөмөлгө алынбай турганын айтты.
Жантаев: Мыйзам бузуулар кодексинде бааны негизсиз көтөрүү беренеси бар

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2018-жылы 358 арызды карап, анын ичинен 204 бузуу катталды. 305ине эскертүү берилсе, 291и талапты аткарышты. Ошондой эле 53 учурга айып пул салынды. Бул тууралуу Чыңгыз Жантаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сатып алган товар колдонууга жарабай турган болсо, агенттик 17-берененин негизинде арызды карап 14 күндүн ичинде алмаштырып же акчасын кайтарып берет.

"Мыйзам боюнча социалдык тармактардагы товар сатуулар көзөмөлгө алынбайт. Биз "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" мыйзамынын 49-беренесинин негизинде иш алып барабыз. Алардын укуктарын коргоп, арыздарын карап жана өзүбүздүн демилге менен мониторинг жүргүзүп турабыз. Сатып алуучуларга маркировка, баалар тууралуу маалымат бергенге аракет жасайбыз. Өзүңүздөр билгендей, 2019-жылдан баштап жаңы кодекс күчүнө кирген. Анда "Бааларды негизсиз көтөрүү" деген 218-берене бар. Бул боюнча шаарыбыздагы дүкөндөрдө фактылар катталып, биринчи категориядагы айып пул салынды", — деди Жантаев.

Ал керектөөчүлөр укуктары бузулган учурда аталган агенттикке кайрылып же antimonopolia.kg сайтынан электрондук кайрылуу бөлүмүнө арыз калтырса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0