Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадырбеков: Whatsapp аркылуу пайдасыз видеолордун ордуна китеп сунуштасак

© Sputnik / Максат ЭлебесовЗаместитель министра культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков
Заместитель министра культуры, информации и туризма Нуржигит Кадырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков телефон электр энергиясынан кубат алып турбаса жөн гана темирге айлангандай эле, адам да китеп окуп туруусу зарылдыгын айтты.
Кадырбеков: Whatsapp аркылуу пайдасыз видеолордун ордуна китеп сунуштасак

Көп адамдардан "эмнеге китеп окубайсың" деп сурасаң "колум бошобойт" дейт. Китеп бул колду бошотуп, атайын убакыт бөлүп окуй турган нерсе эмес. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, министрлик келечекте, жылдын соңку жумаларын китеп окууга арноо боюнча түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат.

"Whatsapp тиркемеси аркылуу пайдасыз видеолорду бири-бирибизге жиберебиз. Анын ордуна өзүң бир китеп окуп, ошол жөнүндө айтып берип, ал китепти башкаларга сунуштасак эмнеге болбосун? Бир туугандар бири-бири менен китеп тууралуу сүйлөшүп, чоң-кичине, кары-жаш дебей бири-биринен китеп алышып-беришип окусак кандай жакшы. Мына ушундай максатта 2019-жылы Кыргызстан КМШ ичинде китеп окуу боюнча алдыга чыгат деп өзүбүзгө тапшырма койгонбуз. Мунун алкагында көп жакшы иштер аткарылды. Улуттук адабият күнүн утурлай китеп окуу жумалыгы жарыяланып, эл активдүү колдоп берди. Министрлик башка ведомство жетекчилерине китеп окуу эстафетасын узатты. Поэзия кечеси өттү, китепти көп окуган окуу жайлар аныкталды. Айтор, мына ушинтип китеп окууну жайылта беришибиз керек. Эгер биз элди китеп окууга көндүрүп алсак, башка көйгөйлөр өзүнөн-өзү акырындап чечилет", — деди Кадырбеков.

Аткаминер ошондой эле китеп окууну эмнеден баштоону билбей жүргөндөргө классикалык жанрдагы чыгармаларды сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0