Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турускулов: бизге чакан өкмөт керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваЛидер фракции "Республика — Ата-Журт" Жыргалбек Турускулов
Лидер фракции Республика — Ата-Журт Жыргалбек Турускулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов өкмөт аткаминерлердин санын жеткиликтүү деңгээлде кыскарта албай жаткандыгын айтты.
Турускулов: бизге чакан өкмөт керек

VI чакырылыштын депутаттары өкмөткө үлгү болсун деп кыскартууларды өзүбүздөн баштаганбыз. Тагыраагы, мурда ар бир депутатка экиден жардамчы болсо, биз бирден жардамчыны алып салууну демилгелеп, мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратканы менен көпчүлүк колдоп берген. Бул тууралуу Жыргалбек Турускулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт 5-10 пайыздан көтөрүлүп 30 пайызга чейин кыскартууларга барса, өлкө бюджетинде сезилерлик өзгөрүү болмок.

"Жогорку Кеңеш үлгү катары бирден жардамчыларыбыздан баш тартып, 50 пайыз кыскартууга барды. Бирок өкмөт мындай чечкиндүү кадамды жасай албай жатат. Учурда муниципалитеттик кызматкерлерди кошпогондо өлкөдө 350 миң адам мамлекеттик кызматтарды ээлеп, бюджеттен айлык алат. Ал эми муниципалитеттерди кошо турган болсок, казынанын 80 пайызын эле маянага берип коюп отуруп калуудабыз. Өнүгүүгө каражат калбай калып жатат. Биз 6 миллион калкы бар кичинекей мамлекетпиз. Андыктан чакан эле өкмөт керек", — деди Турускулов.

Депутат санариптештирүүнүн жыйынтыгы менен да кыскаруулар болорун, бирок катардагы кызматкерлерди эмес, аткаминерлерди азайтуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0