Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: бийликте отургандар "Манас" эпосунан сабак алуусу керек

© Sputnik / Эркин СадыковМанасчи, член общественного объединения "Көйкашка" Нурбек Талантбеков
Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кыргыз элине таандык маданият, тарых, саясаттан тарта жөнөкөй жарандан баштап жетекчиге чейин өрнөк алчу таалим-тарбия, насааттар бар экенин айтты.
Талантбеков: бийликте отургандар "Манас" эпосунан сабак алуусу керек

Бүгүнкү күндө бийликте отургандар "Манастын" мисалында өлкө башкарса жемкорлук, талап-тоноо сыяктуу терс көрүнүштөргө жол берилбей, Кыргызстан дүркүрөп өнүкмөк. Мындай пикирин Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, манасчылар үчүн "Манас" айтуу бул башкы максат эмес. Аларга эң негизгиси эпостогу улуттук баалуулуктардан таалим алып, жашоого болгон көз карашын, адамгерчилик сапаты менен бирге сөз байлыгын арттыруу маанилүү.

"Көп жылдардан бери эле өлкөнү өнүктүрүү керек деп коңгуроо кагып келебиз. Бирок анын көзүн тапкан киши жок. Чындыгында мамлекетти өнүктүрүү, журтту башкаруу жана деги эле биздин улутка таандык таалим-тарбия, нарк-насилдин баары улуу мурасыбыз — "Манас" эпосунда бар. Ал жактагы маданий баалуулуктар эске алынып, бүгүнкү күндөгү төбөлдөрүбүз "Манас" атабыздын мисалында эл башкарса жемкорлук, талап-тоноо сыяктуу терс көрүнүштөргө жол берилбей, Кыргызстан дүркүрөп өнүкмөк. Билимиң канчалык жогору болуп, чет өлкөгө барып алдыңкы окуу жайлардан окуп келсең дагы адамгерчилик сапатың төмөн болсо калыстыктан тайып, ач көздүккө алдырып жиберишиң ыктымал. Ошол себептен "Манасты" алгач президент менен өкмөт жетекчилери таанып баштаса, коомчулук өзү эле аларды ээрчийт", — деди манасчы.

Ошондой эле ал "Манас" эпосун өлкөдөн сырткары жайылтуу аракеттери да көрүлүп жатканын айтып, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын келечекте манас айтуу боюнча эл аралык деңгээлде кароо-сынак уюштуруу пландары бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0