Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султанбаева: абанын булганышынан аллергияга чалдыккандар көбөйдү

© Sputnik / Асель СыдыковаЖогорку категориядагы дарыгер Элмира Султанбаева
Жогорку категориядагы дарыгер Элмира Султанбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку категориядагы дарыгер Элмира Султанбаева учурда абанын булганышы бир топ оорулардын келип чыгышына түрткү болуп жатканын айтты.
Султанбаева: абанын булганышынан аллергияга чалдыккандар көбөйдү

Мурда адамдар аллергия менен жазында же бышыкчылык маалында ооруса, азыркы тапта кышында дагы аллергиялык ринит менен кайрылгандар көп болууда. Бул тууралуу Элмира Султанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер кулактын дартын убагында дарылабаса кулактын укпай калышы, курч мастоид — кулактын ичиндеги сөөктүн сезгениши, менингит илдетин шарттайт.

"Кулак, мурун, тамак оорулары бири-бирине тыгыз байланыштуу. Көбүнчө бул органдар сасык тумоодон кийин илдетке чалдыгат. Андан кийин суук тийгенден улам күчөп кетет. Курч респиратордук инфекциядан ринит, фарингит оорулары пайда болуп, бронхит, пневмонияга өтүп кетүү коркунучу бар. Суук мурун аркылуу кулакка, тамакка өтөт. Кулак оорусу курч жана өнөкөт болуп экиге бөлүнөт. Көпчүлүгү кулактын тышкы жана ортоңку бөлүктөрүнүн жугуштуу ооруларынан келип чыгат. Андан тышкары, гайморит, ангина көп кездешүүдө. Аталган илдеттердин алдын алуу үчүн туура тамактанып, тазалыкты сактап, өз учурунда дарыгерге кайрылуу керек. Мындан сырткары, абанын кирдешинен улам аллергиялык ринит оорусуна кыш мезгилинде чалдыккандар арбыды. Ошондуктан өзгөчө шаарда жашагандар авто тыгындар көп маалда сыртка чыгып сейилдебей эле койгону жакшы", — деди Султанбаева.

Ал кышында абанын температурасына жараша, өтө тердеп же үшүп калбагандай болуп кийинүү зарыл экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0