Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдылдаев: 2020-жылдан тарта кант диабетинин дарысы арзандайт

© Sputnik / Табылды КадырбековМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун башкы адиси Жолдошбек Абдылдаев
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун башкы адиси Жолдошбек Абдылдаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун башкы адиси Жолдошбек Абдылдаев кант диабети менен жабыркаган оорулуулар мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында арзандатылган медициналык препараттар менен камсыздаларын айтты.
Абдылдаев: 2020-жылдан тарта кант диабетинин дарысы арзандайт

Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кандагы канттын көлөмүн текшере турган медициналык жабдыктын (тест-полоска) 50 пайызын төлөп берип жатат. Ал эми 2020-жылдан тарта кант диабетине каршы колдонулган метформин дарысы жеңилдетилген рецепт менен бериле баштайт. Бул тууралуу Жолдошбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун каттоосунда үч медициналык багыттагы жабдык турат. Бирок бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын тартыштыгынан улам учурда кандагы канттын көлөмүн аныктай турган медициналык жабдыкка гана 50 пайыз жеңилдик берилип келүүдө.

"2012-жылы жеңилдетилген рецепт менен бериле турган кандагы канттын көлөмүн аныктоочу медициналык жабдыкты (тест-полоска) Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымдамасына коштук. Ошондон тарта ар бир оорулууга 200 даанадан берилип келген. Ал эми 2018-жылы биз аталган норманы дагы көбөйтүп, 500 даанадан бере баштадык. Ошондой эле эндокринологдордун сунушу менен 2020-жылдан тарта кант диабетине каршы колдонулган метформин дарысын жеңилдетилген рецепт менен берүү пландалууда. Учурда берилчү препарат ар бир бейтапка ылайыкталып аныкталууда", — деди Абдылдаев.

Ошондой эле ал кант диабетинен жабыркаган оорулууларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жыл сайын глибенкламид жана десмопрессин деген препараттар акысыз түрдө берилиши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0