Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекманбетов: кинофестиваль Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат

© Sputnik / Табылды КадырбековГенеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов
Генеральный директор Кыргызского государственного цирка Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" кинофестивалынын директору Фархад Бекмамбетов кинофестиваль 12-15-декабрь күндөрү өтөрүн айтты.
Бекмамбетов: кинофестиваль Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат

Кинофестиваль СССРдин эл артисти, актер, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул жылы даректүү, анимациялык жана эксперименталдык 2000ден ашык тасма келип түшүп, анын ичинен эл аралык конкурска — 14, ал эми улуттук сынакка 18 тасма тандалып алынды.

"Быйыл кинофестиваль Айтматов тууралуу тартылган россиялык тасма менен ачылат. Калыстар тобунун төрагасы КРдин эл артисти, режиссер Актан Арым Кубат болот. Андан тышкары, Россия кинематографисттер союзунун мүчөсү Виктория Бондаренко, казакстандык киносынчы Галия Байжанова жана тажикстандык режиссер Далер Рахматов калыстык кылат. Менин баамымда, эл аралык сынакка келип түшкөн тасмалар күчтүү. Себеби бир топ чет мамлекеттеги кино жарыштардан алдыңкы орундарды алган кинолор келип түштү. Ал эми улуттук тасмалардын көбү драма, трагикомедия жанрында. Ошондой эле фестивалдын алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө кыска метраждуу түрк фильмдери көрсөтүлөт. Андан тышкары, БААУ жана КТМУ жогорку окуу жайларында улуттук, эл аралык тасмалар коюлуп, режиссерлор менен жолугушуу уюштурулат", — деди Бекманбетов.

Ал 15-декабрь күнү "Манас" кинотеатрында "Мыкты тасма", "Мыкты режиссура", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы" жана "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү" номинациялары боюнча эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0