Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманбеков: олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө көңүл бурулбай жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков
Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков өлкө башчынын көңүлүн олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө буруу үчүн президентке видеокайрылуу жолдогонун айтты.
Аманбеков: олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө көңүл бурулбай жатат

Бүгүнкү күндө олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнө мамлекет тарабынан кайдыгер мамиле жасалып жатат. Мындай пикирин Авазбек Аманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спортчуларга каржылык колдоо абдан керек. Анткени олимпиадалык эмес спорт түрлөрү менен машыгып, дүйнөлүк аренада зор ийгиликтерге жетишкен спортчулар баш калкалай турган үйү жок, жада калса мамлекеттик стипендия да ала албай келишет.

"Негизи чоң спорт олимпиадалык жана олимпиадалык эмес деп экиге бөлүнөт. Спорттун олимпиадалык түрлөрүнө мамлекет тарабынан көңүл бурулса, экинчисине кайдыгер мамиле жасалып келет. Бул өтө туура эмес көрүнүш. Анткени эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде олимпиадалык эмес спорт түрлөрүнүн өкүлдөрү зор ийгиликтерди жаратышууда. Алардын аркасы менен өлкөнүн имиджи да өсүп жатат. Мындан улам спортчуларды бөлүп-жарбай, мамлекеттик деңгээлде бирдей мамиле жасалса деген изги тилек бар. Ушул ойду карманып жакында эле президентке видеокайрылуу жолдодум. Ал жакта жетишкен ийгиликтерим менен бирге учурдагы муктаждыктарымды да айттым. Муну менен мен бир эле жеке кызыкчылыгымды ойлобостон, бүтүндөй спортчулардын көйгөйлөрүн козгоп жатам деп ойлойм. Муну бирөө айтыш керек эле", — деди Аманбеков.

Ошондой эле чемпион ага чет өлкөдөн башка мамлекеттин атынан таймаштарга чыгууга сунуштар көп түшөрүн айтып, азырынча алардан баш тартып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0