Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубаева: СССРдин паспортун алмаштырбай жүргөн жарандар бар

© Sputnik / Эркин СадыковГлавный специалист департамента регистрации населения при ГРС Гулбарчын Турдубаева
Главный специалист департамента регистрации населения при ГРС Гулбарчын Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева бардык тармак автоматташтырууга өтүп жаткандыктан жаңы паспорттордун ролу чоң экенин айтты.
Турдубаева: СССРдин паспортун алмаштырбай жүргөн жарандар бар

Учурда бала бакчадан баштап жогорку окуу жайга чейин электрондоштурулуп жатат. Бала төрөлгөндө жеке номер берилип, каттоого алынат. Кийин анын паспорт алуусу да жеңил болот. Бул тууралуу Гүлбарчын Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандар документин жоготкон учурда коопсуздук үчүн Мамкаттоо же башка тиешелүү органдарга кайрылып, аны жараксыз статусуна өткөрүшү керек.

"Эски паспортторду көтөрүп жүргөн адамдар бар. 1994-жылкы үлгүдөгү документи бар 60 жаштан ашкан пенсионерге паспортунун мөөнөтү узартылып берилген. Бул документ 2017-жылдын 31-мартына чейин жарактуу болчу. Эми баары толугу менен жаңы документ алууга өтүштү. Айрымдары СССР маалындагы документтер менен жүрүшөт. Бул эми ар бир адамдын жоопкерчилигине байланыштуу экен. Мага негизи эле паспорт кереги жок дегендер да бар. Андан тышкары, чет мамлекетке туруктуу жашоого чыгып кеткен жарандарыбыздын колунда ушул үлгүдөгү паспорттор болушу мүмкүн", — деди Турдубаева.

Ал бардык социалдык кызматтар электрондошконуна байланыштуу жаңы паспорт кереги жок деген адамдар өздөрү ID-карта алуу үчүн келе башташканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0