Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев кыргыз футболунун деңгээлинин жогорулашына жалпы федерациянын салымы чоң экенин айтты.
Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн

2019-жылкы Азия кубогунан кийин футболго болгон кызыгуу күчөдү. Көчөдө кетип баратсаң таанып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгысы келгендер пайда болду. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футболдун өнүгүшү үчүн заманбап, бардык стандартка жооп берген оюн талаасы курулушу керек.

"Акыркы оюндар тууралуу айтсам, ар бир команданын өзгөчөлүктөрүн эске алып даярдык көрдүк. Япония менен болгон кездешүүдө аракет абдан көп болду. Көбүрөөк чуркап, жеңишке катуу умтулдук. Ал эми күчтүү команда менен болгон оюндан кийин Тажикстанды оңой эле жеңебиз дедикпи, айтор, бошураак ойноп койдук. Бизге заманбап стадион керек. Себеби ФИФА биздин азыркы футбол стадионубузга көзүн жумуп оюн өткөрүүгө уруксат берип келет. Эгер келечекте талаптарга карап уруксат бербей калса, биз өз үйүбүздө ойной албай калабыз. Ошондой эле күйөрмандар да оюнга күбө боло албай калышат. Негизи үйдө ойногон абдан сонун. Биз күйөрмандарды 12-оюнчу дейбиз. Алардын колдоосу өзгөчө дем, күч берет", — деди Мурзаев.

Спортчу экинчи классынан эле футболго кызыгып баштаганын, андан башка бокс, күрөшкө да катышканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0