08:58 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348

Айдаралиев: 13-декабрда ирригация маселелерине байланыштуу конференция өтөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
175 0 0

"Био-KG" органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев быйыл түзүлгөн атайын демилгелүү топ өлкөнүн бардык аймактарын кыдыруу менен ички чарбалык суу каналдарына тийиштүү маселелерди жеринен көрүп келишкенин айтты.

Республиканын ар бир облусундагы сугат суусуна байланыштуу көйгөйлөр менен таанышып келген демилгелүү топ 13-декабрь күнү борбор калаада ирригация маселелерине байланыштуу конференция өткөрөт. Бул тууралуу Искендербек Айдаралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарага ар бир облустан дыйкандар менен жергиликтүү бийлик органдарынан турган делегация, ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, эксперттер жана демилгелүү топтун өкүлдөрү катышат.

"Республика боюнча ички чарбалык суу каналдарынын абалы өтө начар. Бул келечекте олуттуу маселеге айланышы мүмкүн. Ошол себептен көйгөй менен жакындан таанышуу үчүн атайын демилгелүү топ түзгөнбүз. Ага айыл чарба тармагын жакшы түшүнгөн адистер жана суу пайдалануучулар ассоциациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу өңдүү уюмдар да кирген. Күз айларында республиканы түрө кыдырып, дыйкандар менен жыйын өткөрүп, ирригацияга байланыштуу көптөгөн маселелерди жеринен көрүп келдик. Иш-чаранын жүрүшүндө сугат сууларына тийиштүү негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн үч багытты аныктап алдык. Биринчи кезекте ички чарбалык арыктарды ремонт кылууга каражат булагын табуу, андан кийин сууга болгон баа саясатын өзгөртүү жана сугат суусун пайдаланып акысын төлөбөй койгон дыйкандарды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле бул тармакты тейлеген суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишин мамлекеттик органдарга өткөрүү талаптары приоритеттүү деп табылды. Мына ушул маселелердин алкагында 13-декабрь күнү Бишкек шаарында ири конференция өтөт", — деди Айдаралиев.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө сугат суусуна байланыштуу маселе өлкөнүн түштүк аймактарында өтө курч экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Иманов: республикадагы суу каналдарынын жалпы узундугу 23 чакырым
Белгилер:
суу каналдары, айыл чарба, ирригация

ЭҢ МААНИЛҮҮ