Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшөбаев: иштөө шарты жок жерде адистер көпкө кармалбайт

© Sputnik / Эркин СадыковМедицина илимдерин кандидаты, Федор Сербиненко атындагы нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү Абдыракман Дүйшөбаев
Медицина илимдерин кандидаты, Федор Сербиненко атындагы нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү Абдыракман Дүйшөбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдерин кандидаты, Федор Сербиненко атындагы нейрохирургдар ассоциациясынын мүчөсү Абдыракман Дүйшөбаев өлкөдө медицинанын бардык тармагында заманбап жабдууларга муктаждык курч экенин айтты.
Дүйшөбаев: иштөө шарты жок жерде адистер көпкө кармалбайт

Өз кесибин сүйгөн адистер маянасынан мурда иштөө шартына карашат. Бул тууралуу Абдыракман Дүйшөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда мамлекеттик бейтапканаларда мындай шарттар жок.

"Эгер адиске жакшы шарт түзүлүп, иштөөсү үчүн керектелген бардык жабдуулар болсо, ал жумуш ордун алмаштырууга ашыкпайт. Мындай учурда алган эмгек акысы да экинчи орунга жылып калат. Медицина эле эмес, бардык тармактардын  кесипкөй адистери ушундай көз карашта деп ойлойм. Бизде, тилекке каршы, мамлекеттик ооруканаларда жабдыктар жетишсиз. Бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн врач канчалык аракет кылса да аппараттардын жоктугунан жеке клиникаларга жиберүүгө же чет мамлекеттерге чыгарууга туура келет. Мындай шартта өзгөчө жаш адистер иштегиси келбейт", — деди Дүйшөбаев.

Дарыгер жогорудагы көйгөйдөн улам жеке менчик клиникаларда иштөөгө ынтызарланган жаш ак халатчандар көбөйгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0