Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байгазаков: кыргыз медицинасын өнүктүрүүнүн эки жолу бар

© Sputnik / Асель СыдыковаДоктор медицинских наук, эндовидеохирург Асылбек Байгазаков
Доктор медицинских наук, эндовидеохирург Асылбек Байгазаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, эндовидеохирург, Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун улук илимий кызматкери Асылбек Байгазаков өлкөдө медицинаны өнүктүрүү үчүн эки жол бар экендигин айтты.
Байгазаков: кыргыз медицинасын өнүктүрүүнүн эки жолу бар

Кыргызстанда медицинаны жеке менчикке өткөрүп берүү менен кыска убакытта жолго салып кетсе болот. Мындай пикирин Асылбек Байгазаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бейтапканалар жеке менчикке өтсө калктын аяр катмары үчүн мамлекет тарабынан түзүлгөн атайын программа болуусу шарт.

"Кыргыз медицинасы Советтер Союзу учурунда мыкты деңгээлде кесипкөй дарыгерлери көп болуп саналчу. Биз азыркыга чейин ошол инерция менен келе жатабыз. Тилекке каршы, учурда элдин дарыгерлерге болгон ишеними азайып, коомдо терс пикирлер көбөйүүдө. Бул көйгөйдү чечүү үчүн араб мамлекеттериндегидей өкмөт бардыгын өз колуна алып, медицина тармагын заманбап жабдыктар менен камсыздап, врачтарды түрдүү окутууларга жиберип туруу керек. Азырынча мамлекеттин мындай иштерге чама-чаркы чакталуу. Андыктан жеке менчикке өткөрүп берүү менен абалдан чыкса болот", — деди Байгазаков.

Ал республикада менчикке өтүү менен медициналык мекемелер ортосунда атаандаштык жаралып, кыска убакытта өсүү жолуна түшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0