Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: премьер Абылгазиев 12 жашына чейин манас айткан

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков бир катар мамлекеттик кызматтагы жетекчилер жана депутаттар бала кезинде манас айтып келишкенин айтты.
Талантбеков: премьер Абылгазиев 12 жашына чейин манас айткан

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашына чейин манас айткан. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы премьер-министр бала чагында аян алып, ошондон тарта бул өнөргө кызыга баштаган.

"2018-жылы залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленди. Аталган иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да катышып сөз сүйлөгөн. Ошондо ал өзү да 12 жашына чейин манас айтканын белгилеп, бул өнөр улутубуздун улуу дөөлөтү экенине токтолду. Өкмөт башчынын айтымында, ал өзү да бала кезинде аян алып, манас айтып жүргөн экен. Бирок кийин башка чөйрөгө аралашып Теңир даарыган өнөрдөн алыстап кеткен. Мындан сырткары, башка саясатчылардын арасында да бала кезинде манас айткандары болгон. Негизи "Манаста" адамга кандай мамиле кылуудан тарта мамлекетти башкарууга чейин бардык маалыматтар бар. Ошол себептен эгер чоң кызматтагы адамдар манасты таанып, ал жактагы акыл-насаат, нарк-насилге маани бере турган болсо, учурдагы жемкорлук, талап-тоноо өңдүү терс көрүнүштөр аз болмок", — деди Талантбеков.

Ошондой эле ал учурда манас айтуу өнөрүнө жаштардын кызыгуусу солгундап бара жатканын айтып, "Манас" эпосун жайылтууга мамлекеттик колдоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0