Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Конушбаев: жаңы документтин коргоо элементтери жогорку деңгээлде

© Sputnik / Эркин СадыковКалкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Конушбаев
Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Конушбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Конушбаев жаңы үлгүдөгү паспорт улуттун коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экенин айтты.
Конушбаев: жаңы документтин коргоо элементтери жогорку деңгээлде

Жаңы паспорттор транс чек аралык кылмыштарды аныктоого, документтерди жасалмалоого бөгөт коюу максатында жасалып жатат. Бул тууралуу Бакыт Конушбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бир миллиондой адам жаңы үлгүдөгү паспорт алышты.

"1994-жылы алгачкы паспорттор чыккан. Ал китепче түрүндө болуп, аты-жөнү, туулган жылы жана башка маалыматтар калем менен жазылып, сүрөт чапталган. Бул документти жасалмалап алуу өтө жеңил эле. Ага жол бербеш үчүн 2004-жылкы үлгүдөгү паспорт чыккан. Кийин 2017-жылы коопсуздук жагынан эң жогорку сапаттагы чиптүү паспорттор чыкты. Акыркы үлгүдөгү документти алуу үчүн жаран өзү келип биометрикалык маалыматын, манжа изин тапшырат. Сүрөткө паспорт жана маалыматты толук бергенден кийин чын эле өзү келгенин тастыктаган сүрөткө эки жолу түшөт. Система маалыматты этап-этап менен тапшырууну талап кылат. Кийин документти басып чыгарууга кеткенде да маалыматтар кылдат текшерилип, эки сүрөт салыштырылат. Демек мурдагыдай алыс жерде туруп алып паспорт жасатып алуу мүмкүн эмес", — деди Конушбаев.

Ал жарандар документин жоготкон учурда Мамкаттоо же башка тиешелүү органдарга кайрылуусу керектигин, себеби бирөөнүн документи менен насыя алгандар же анын атын жамынып жаман иштерди жасагандар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0