Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшеев: республикада жол чийиндери термопласт менен белгилене баштайт

Жазылуу
Жолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Унаа жолдор башкармалыгынын адиси Канатбек Бейшеев "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып пулдардан түшкөн каражаттын беш пайызы аталган министрликтин эсебине которуларын айтты.
Бейшеев: республикада жол чийиндери термопласт менен белгилене баштайт

Жолдор жана транспорт министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорунун аппараттык-программалык комплекстери орнотулган жердеги жол сызыктарына, белгилерге жана ал жактагы тазалыкка жооптуу. Бул тууралуу Канатбек Бейшеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордон түшкөн каражат түздөн-түз "Коопсуз шаардын" аппараттык-программалык комплекстери орнотулган жерлерди гана тейлегенге жумшалат. Ал эми жолдордун башка бөлүктөрү бюджеттен каралган акча менен иретке келтирилет.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып пулдардан чогултулган каражаттын беш пайызы Жолдор жана транспорт министрлигине бөлүнөт. Аны биз аталган долбоордун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстердин айланасындагы жол белгилери, сызыктар жана ал жактагы тазалыкты камсыздоо үчүн жумушайбыз. Мисалы, кышында калың кар жаап, белгилер көрүнбөй кала турган болсо ыкчам тазалап берүүгө биздин ведомство жооптуу. Бөлүнгөн каражаттын көлөмү айып пулдун санына байланыштуу. Ошондой эле эми жол чийиндери термопласт менен белгиленет. Бул боюнча министрлик буйрук чыгарды. Ал үчүн өлкө казынасынан атайын каражат бөлүнөт", — деди Бейшеев.

Ошондой эле ал аталган термопласттар республика боюнча пайдаланыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0