Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбай кызы: шаардын абасы үчүн жашоочулар да жоопкерчилик алуусу шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист Управления наблюдения за загрязнением окружающей среды Кыргызгидромета Мээрим Асанбай кызы
Специалист Управления наблюдения за загрязнением окружающей среды Кыргызгидромета Мээрим Асанбай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин атмосфераны байкоо бөлүмүнүн башчысы Мээрим Асанбай кызы борбор калаанын абасын таза кармоодо жашоочулар да өз милдеттерин билүүсү абзелдигин айтты.
Асанбай кызы: шаардын абасы үчүн жашоочулар да жоопкерчилик алуусу шарт

Бишкектин абасы таза болсун десек, ар бир жаран өзүнүн үйүн эмне менен жылытып жатканына көңүл бурушу керек. Бул тууралуу Мээрим Асанбай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардыктар соңку жылдары жашылдандырууга такыр эле көңүл бурбай калды.

"Кыш мезгилинде турак жайды жылытууда эмне жагып жатканына ар бир шаар тургуну олуттуу карашы керек. Мындан сырткары, таштандыны өрттөбөгөнгө көнүү зарыл. Ошондой эле жашылдандырууну колго албасак, бул көйгөйдөн арылуу кыйын. Азыр көбүнесе заңгыраган үйлөрдү куруп, алды-артын баарын брусчаткалап, тегерегин тосуп салуудабыз. Кооздук үчүн деп тикенек жалбырактуу дарактарды отургузуп коебуз. Алар жазы жалбырактуу өсүмдүктөр сыяктуу абаны тазалабайт. Мунун баарын токтотуп, ошол аймактын микроклиматына ылайык келген бактарды адистер менен кеңешип туруп тиксек жакшы болот эле", — деди Асанбай кызы.

Ал калаада абанын булганышынын башкы себептеринин бири катары Бишкектин географиялык жайгашуусун да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0