Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: кургак учуктун төртүнчү муундагы дарылары алып келинүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Белек Сыдыков
Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Белек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Белек Сыдыков кургак учук менен ооругандарга дарылар бекер берилерин айтты.
Сыдыков: кургак учуктун төртүнчү муундагы дарылары алып келинүүдө

Кургак учукту жуктуруп албаш үчүн болгону өз убагында тамактанып, эс алып, ден соолукту чың кармоо керек. Бул тууралуу Белек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кургак учукка каршы дарыларды 20 жылдан бери донорлордон — Дүйнөлүк банктан, Глобалдык фонддон алынса, 2016-жылдан тартып мамлекет өзү камсыздоодо.

"Бүгүнкү күндө ар бир кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоого 4000ден 6000 долларга чейин каражат кетет. Буга жараша мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алат. Эң негизги маселе — бейтаптар толук дарыланбай, үзгүлтүккө учуратып жатышат. Андай учурдай бейтап кайталап препараттарды ичиши керек. Мындай учурда илдет дарыга туруктуу болуп калууда. Учурда төртүнчү муундагы, жаңы чыккан дарылар алып келинүүдө. Бул препараттар да бекер берилип жатат", — деди Сыдыков.

Ал аталган дартты жуктуруп алган адам көпкө чейин оорусу билинбей жүрө бериши мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0