Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кендирбаева: балага алгачкы 1000 күнүндө жетиштүү тарбия берип калуу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору, билим берүү боюнча серепчи Доктургүл Кендирбаева
Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору, билим берүү боюнча серепчи Доктургүл Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору, билим берүү боюнча серепчи Доктургүл Кендирбаева баланын жашоого келген алгачкы 1000 күнү орду толгус, өзгөчө жооптуу курак экенин айтты.
Кендирбаева: балага алгачкы 1000 күнүндө жетиштүү тарбия берип калуу керек

Эгер ушул учурду ата-эне, айрыкча эне колдон чыгарып жиберсе, анда баланын акыл-эсинин өнүгүүсүндөгү өксүктү калыбына келтирүү кийин кыйын болот. Бул тууралуу Доктургүл Кендирбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган демилгенин максаты — наристени тарбиялап өстүрүү маселелери боюнча ата-энелердин билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандырууга маалыматтык колдоо көрсөтүү.

"Үч жаштан кийин кеч" демилгесин Instagram, Facebook, «Одноклассники» жана Telegram социалдык тармактарынан Кыргызстан калкынын кеңири катмары баланы эрте жаш куракта ар тараптан өнүктүрүү багытындагы маалыматтарды жана пайдалуу кеңештерди үзбөй окуй алышат. Үч-беш жашка чейин бала тез өсүп, өнүгүп, мээси, тамак сиңирүүсү, зат алмашуусу, иммундук системасы жана эмоционалдык, коммуникативдик базалык көндүмдөрү калыптанат. Аталган маалыматтык баракчалар ата-эненин наристеге жасаган мамилесин жакшыртууга, милдетин так аткарууга чакырып, бөбөктөрдү өнүктүрүү үчүн сапаттуу шарт түзүп, камкор чөйрө түзүүгө багыт берет", — деди Кендирбаева.

Ал "Үч жаштан кийин кеч" баракчалары кыргыз тилинде гана чыгып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0