Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төлөгөнов: коомдо кургак учук менен ооругандарды кодулоо токтой элек

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист по адвокации, коммуникации и социальной мобилизации проекта USAID "Победим туберкулез" Темир Тологонов
Специалист по адвокации, коммуникации и социальной мобилизации проекта USAID Победим туберкулез Темир Тологонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
USAID программасынын "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун жарандык-коомдук уюмдарынын менеджери Темир Төлөгөнов аталган дарттын дарыга туруктуу түрүнүн көбөйүшүнүн себептерин айтты.
Төлөгөнов: коомдо кургак учук менен ооругандарды кодулоо токтой элек

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны жылдан-жылга азайып баратат. Бирок дарыга туруктуу формасы менен жабыркагандардын саны, тескерисинче, көбөйүүдө. Бул тууралуу Темир Төлөгөнов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, оорунун микробактериялары караңгы жана салкын жайда узак мөөнөт сакталып, күн нурунан жана хлордун дезинфекциялоочу эритмесинин түз таасири алдында тез өлүп, жоголот.

"Кургак учуктун дарыга туруктуу түрүнүн көбөйүшүнүн себеби социалдык абалдын начарлыгы. Бул илдет менен ооругандардын басымдуу бөлүгүн 25 жаштан 50гө чейинки эркектер түзөт. Негизи дартка чалдыккан адам үйдө жатып 8-9 ай дарыланышы керек. Бирок алар иштеп үй-бүлөсүн баккан адамдар болуп жатпайбы. Ошентип дарылануу үзгүлтүккө учурайт. Толук айыкпай кайрадан оору күчөйт. Андан тышкары, биздин коомчулукта ооруп калган адамды кодулоо, бөлүү токтой элек. Жада калса атасы ооруп калган балдарды мектепке киргизбей, оорудан каза болгон адамдын тажиясына да барбай койгон учурлар болгон", — деди Төлөгөнов.

Ал кургак учук адам жөтөлгөн маалда бөлүнүп чыккан какырык менен бирге микробдор айлана-чөйрөгө тарап, бир гана аба аркылуу жугарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0