19:56 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасынын шаар куруу жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Азирет Акимов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Акимов: Бишкекте шамалды тосо тургандай бийик имарат жок

Радио
Кыскача шилтеме алуу
66 0 0

Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын шаар куруу жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Азирет Акимов борбор калаанын абасынын булганышына имараттардын тиешеси жоктугун айтты.

Бишкек коктуда жайгашып, үстүнөн капкак жаап тургандай абалда. Дүйнөдө ондогон мындай калаа болсо, биздин борбор алардын алдыңкысы десек болот. Бул тууралуу Азирет Акимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардын жайгашуусунан улам тоо тараптан келген шамал 100 метрдей бийиктиктен өтөт.

"Борбор калаанын абасынын булгануусуна курулуштардын башаламан салынып жаткандыгы да себеп катары айтылып келет. Чынында андай эмес. Анткени Бишкек капкак алдында калгандай абалда жайгашкан шаар. Тоо тараптан келген жел жок эле дегенде 100 метр жогору жактан өтөт. Шамалды тосуп кала тургандай мындай бийик курулуш азырынча шаарда жок", — деди Акимов.

Адис шаардын айрым бөлүктөрүндө микроклимат жаратып, ошол жердеги желдин айлануусуна кандайдыр бир тоскоолдук жараткан имараттар жана бактар бар экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Жакыпов: үйдү газ менен жылытууга өтүү керек
Белгилер:
аба, мыйзамсыз курулуштар, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ