Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысалиев: абанын булганышы боюнча ар кандай маалыматтарга ишенбегиле

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель пресс-службы ГАООСЛХ при правительстве Бактыбек Рысалиев
Руководитель пресс-службы ГАООСЛХ при правительстве Бактыбек Рысалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев Бишкектин абасынын булганышы боюнча айтылып жаткан ар кандай маалыматтарга ишенип, шаар тургундарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Рысалиев: абанын булганышы боюнча ар кандай маалыматтарга ишенбегиле

Биздин жума сайын жасаган анализдерибизге таянсак, борбор калаада абанын булганышы нормадан эки эсеге чейин жогору болгон учурлар катталууда. Бирок айрым коомдук активисттер айтып, ЖМКлар жазгандай 12 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен учуру боло элек. Бул тууралуу Бактыбек Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган агенттик шаар абасын жумасына бир ирет, ал эми Кыргызгидромет күн сайын текшерип турат.

"Кышында Бишкектин абасынын булганышы жыл сайын катталган көрүнүш. Биздин агенттик бул багытта жума сайын текшерүүлөрдү жүргүзүп турат. Натыйжада эл көп чогулган жерлерде, базарлардын айланасында, автотыгындар көп болгон маалда абанын булганышы байкалууда. Мындай учурларда деле нормадан эки пайызга чейин көтөрүлгөндүгүн аныктадык. Ал эми ар кандай коомдук уюмдар өз алдынча жабдыктар менен текшерип чыгарып жаткан жыйынтыктары суроо жарата турган маселе. Ал жабдыктарды Кыргызстандарттан өткөрбөй эле шаардын абасынын сапатын текшере берген болбойт. Андыктан шаар тургундарын ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырам", — деди Рысалиев.

Адис бир жабдык аныктаган абанын курамы ошол гана радиуска тиешелүү экендигин, ал бүтүндөй шаарды камтыбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0