Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбаева: транзиттик номер менен жүргөн унаалар каттоого алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин Коопсуз шаар долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева өлкө аймагында чет өлкөнүн номерлери менен жүргөн унаалардын бирдиктүү базасы жок экенин айтты.
Жээнбаева: транзиттик номер менен жүргөн унаалар каттоого алынат

Чет өлкөнүн номери менен жүргөн автокөлүктөрдүн кожоюндары жол эрежесин бузса, аларга "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып салынбайт. Бул тууралуу Элнура Джээнбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт жетекчилиги тарабынан чет өлкөнүн номери менен жүргөн автотранспорт каражаттарын бирдиктүү базага киргизүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.

"Учурда транзиттик же башка өлкөнүн номери менен жүргөн автомашиналарга "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айып салынбайт. Бирок мындай унааларды каттоого алуу боюнча база түзүү иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта аталган демилгеге ылайык сунуштарыбыз даяр. Бул боюнча өкмөт жетекчилиги тарабынан да жумушчу топ түзүлдү. Болжол менен бир айдын тегерегинде чечим кабыл алынса, транзиттик номер менен жүрүп жол эрежесин бузган айдоочуларга да чара көрүлүп баштайт", — деди Жээнбаева.

Ал "Коопсуз шаар" долбоору иштеп жаткан бир дагы мамлекетте чет өлкөнүн номерлери менен жүргөн автомашиналарга жеринен айып салынбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0