Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ИИМ өкүлү айдоочуларга кайсы учурда айып пул салынбай турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов
Старший инспектор пресс-службы ГУОБДД МВД Тилек Оторов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов кандай учурларда "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары жол эрежелерин бузууну каттабай тургандыгын айтты.
ИИМ өкүлү айдоочуларга кайсы учурда айып пул салынбай турганын айтты

Жол кыймылын жол чырагы эмес, тескөөчү башкарып турган учурда айдоочуларга айып пул салынбайт. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, ЖКККББнын кызматкери автоунаалардын кыймылын башкарып, жол ортосунда иштеп жаткан учурда деле "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары тарта берет.

"Өлкөгө жогорку даражалуу коноктор келип, көчөлөрдүн айрым бөлүктөрү жабылган учурда, кандайдыр бир мамлекеттик маанилүү иш-чаралар өтүп жатканда айдоочулар жол эрежесин бузса айып пул салынбайт деген жаңылыштык. Бул учурда деле "Коопсуз шаар" долбоору кадимкидей иштей берет. Болгону кортеж өтүп бара жатканда жол кыймылын атайын тескөөчү башкарып турса бул убакта айып пул салынбайт. Ошондой эле көрүнүш эгер тыгын пайда болсо же башка бир себептерден улам жол чырагы эмес, кыймылды тескөөчү көзөмөлдөп жатса камералар тарта берет, бирок айып пул каралбайт", — деди Оторов.

Ал бул тууралуу жол эрежелери мыйзамында так көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0