Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матмуратов: тогуз айдын ичинде төрт эл аралык каттам ачылды

© Sputnik / Асель СыдыковаЗаведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов
Заведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Арзымат Матмуратов 2019-жылы тогуз айдын ичинде төрт эл аралык каттам ачылганын айтты.
Матмуратов: тогуз айдын ичинде төрт эл аралык каттам ачылды

Кореянын Asiana Airlines, Катардын Qatar Airways, Түштүк Кытай авиалиниясы, Тажикстандын Somon Air, Ural Airlines, Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы менен каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда "Абанын бешинчи боштондугу" долбоорунун алкагында Түрк аба жолдору авиакомпаниясы Стамбул — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча жүргүнчүлөрдү, ошондой эле Стамбул — Бишкек — Гуанчжоу багыты боюнча жүк ташуулар аткарылып жатат.

"Жарандык авиация тармагында өкмөт тарабынан бекитилген 2016-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүү программасынын негизинде бир топ жумуштар аткарылды. Жыл башынан бери президентибиз аба кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча "Абанын бешинчи боштондук" мыйзамына кол коюлган. Учурда Кыргызстанда Avia Traffic, TEZ JET жана Air Manas үч улуттук авиакомпания жүргүнчү ташыйт. Avia Traffic компаниясында алты, TEZ JET компаниясында эки жана Air Manas компаниясында бир, жалпы тогуз учак бар. Ушул жыл ичинде тогуз айда Алматы — Бишкек, Алматы — Ош, Шарджа —Бишкек жана Кувейт — Ош төрт эл аралык жаңы рейс ачылды. Андан тышкары, Jazeera Airways боюнча каттам октябрдын аягынан баштап жумасына эки жолу уча баштады", — деди Матмуратов.

Ал жакында эле Ашхабадда өткөн жыйында Ашхабад — Бишкек авиакаттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0