Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакушев: жол оңдоо иштеринин экинчи фазасы 2021-жылы бүтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник проектно-технического отдела УКС мэрии Бишкека Мурат Бакушев
Начальник проектно-технического отдела УКС мэрии Бишкека Мурат Бакушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык долбоорлоо бөлүмүнүн жетекчиси Мурат Бакушев жолдорду оңдоо иштеринин экинчи фазасы 2020-жылы башталарын айтты.
Бакушев: жол оңдоо иштеринин экинчи фазасы 2021-жылы бүтөт

Экинчи фазада жалпы 60 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт. Узундугу 70 чакырым жол, 36 көчө шаар ичинде, 24 көчө конуштарда жасалат. Бул тууралуу Мурат Бакушев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жолдорду оңдоп-түзөө үчүн декабрдын ичинде тендер жарыяланат.

"2019-жылы Кытай Эл Республикасы берген гранттык каражаттын негизинде биринчи фазада 49 көчө, мындайча айтканда, 95 чакырым жол реконструкцияланды. Ошондой эле жалпы 23 көчө, 41 чакырым жол реабилитациядан өттү. Өткөн жылы бүткөрүлбөй калган Төрөкул Айтматов көчөсү оңдолду. Лев Толстой көчөсү "Бишкек жылуулук тармагы" түтүктөрдү алмаштырып жаткандыктан 2020-жылы май айында бүтмөй болду. Токтоналиев жана Медеров көчөлөрүн кошкон жаңы көпүрөнү салуу иштери аяктап, ишке берилди. Бул ушул жылдагы чоң объект болду десем болот", — деди Бакушев.

Ал экинчи фазага 2019-жылы кол коюлса, иштер 2021-жылы аяктай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0