19:21 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Чүй облустук телевидениесинин башкы директору Калыбек Тайтекеев
© Sputnik / Эркин Садыков

Тайтекеев: медиа борборлор маалыматтын биринчи булагы болушу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
31 0 0

Чүй облустук телевидениесинин башкы директору Калыбек Тайтекеев аталган телеканалдын базасында түзүлгөн медиа борбор жакынкы күндөрү ишин баштарын айтты.

Аймактардагы ЖМКларды реформалоонун алкагында түзүлүп жаткан медиа борборлордун алгачкысы Чүй облусунда өз ишмердүүлүгүн баштайт. Ал ошол облуста болуп жаткан окуяларды чагылдырган алгачкы маалымат булагы болуп калуусу керек. Бул тууралуу Калыбек Тайтекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюштуруу иштери учурда 90 пайызга аяктап калды. Облустук медиа борбордо ар бир райондон экиден кабарчы иштейт.

"Жети облуста бирден ачылчу медиа борборлордун башкы максаты — жергиликтүү маалыматты элге сапаттуу, ыкчам  жеткирүү. Ар бир райондо экиден кабарчы иштегендиктен алыскы райондордо болуп жаткан окуя тууралуу ылдам маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле алынган кабарлар алгач сайтка жайгашып, кечинде видеосу менен телевидениеден көрсөтүлсө, эртеси гезиттен орун алат. Медиа борборлор элге кабар жеткирип эле отуруп калбай, Бишкектеги журналисттерге аймактардан маалымат алууда алгачкы булакка айланууга тийиш", — деди Тайтекеев.

Ал ошондой эле аймактарда түзүлчү борборлор агартуу иштерин да активдүү жүргүзүүгө милдеттеме аларын кошумчалады.

Белгилер:
булак, Медиа

ЭҢ МААНИЛҮҮ