Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Намазбекова: академиялык музыкалык аспаптар жетишсиз

© Sputnik / Табылды КадырбековМуратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын музыка теориясы бөлүмүнүн башчысы Айгерим Намазбекова
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын музыка теориясы бөлүмүнүн башчысы Айгерим Намазбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын музыка теориясы бөлүмүнүн башчысы Айгерим Намазбекова академиялык музыкалык аспаптар окуу жай ачылгандан бери колдонулуп келе жатканын айтты.
Намазбекова: академиялык музыкалык аспаптар жетишсиз

2019-жылдын башынан баштап эле музыкалык окуу жайдагы ар бир бөлүм, ар бир мугалим жана окуучу 80 жылдык мааракени өткөрүүгө кызуу камылга көрүштү. Жакында эле улуттук филармонияда жогорку деңгээлде майрамык иш-чара, мааракелик концерт өттү. Бул тууралуу Айгерим Намазбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуу жайда кыргыз эл аспаптары, фортепиано, вокалдык искусство, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, эстрадалык музыкалык искусство, хор дирижерлугу, музыканын теориясы, жалпы фортепиано, жалпы билим берүү тартиби, орус элдик аспаптар бөлүмдөрү бар.

"2007-жылы америкалык музыка борбору ачылып, ал жерде аудио-видео, сейрек кездешүүчү ноталар менен таанышууга, СD, DVDни кеңири колдонууга, батыш музыкасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Башында үч гана бөлүм бар эле. Азыр тогуз бөлүм бар. Окуу жайында үйлөмө, элдик аспаптар оркестри, скрипачтар, эстрадалык ансамблдер жана хор сыяктуу бир канча аткаруу жамааты да иштейт. Учурда бизде гана эле эмес, жалпы республика боюнча академиялык музыкалык аспап болгон фортепиано, скрипка, контрабас, флейта, кларнет сыяктуу аспаптар жетишсиз", — деди Намазбекова.

Ал бул жылы окутуучулар Испанияга барып тажрыйба алмашып, Дельфи оюндарына катышып, ошондой эле окуу жайдын жетекчиси Тентимиш Мураталиев Казакстанстанда өткөн маданий кароо-сынакка калыстар тобунун мүчөсү болуп кайтканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0