Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момоконов: унаа токтотмолорун иретке келтирүү үчүн жобо иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов
Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын директору Ислам Момоконов айрым унаа токтотуучу жайларды мэриянын карамагына өткөрүп алуу үчүн иш-аракеттер жүрүп жатканын айтты.
Момоконов: унаа токтотмолорун иретке келтирүү үчүн жобо иштелип чыкты

Долбоор ишке ашса, унаа токтотуучу жайлардан шаардык бюджетке каражат түшүп, жол коопсуздугу камсыздалып, тыгындар азаят. Бул тууралуу Ислам Момоконов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын январынын соңунда баш калаанын мэриясында жаңы структура — "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасы түзүлгөн.

"Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясына караштуу 15 автоунаа токтотуучу жай бар. Бир машинага суткасына 25 сом алынат. Учурда ишкана тарабынан Бишкектин аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотмолорду уюштуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобонун долбоорун иштеп чыктык. Ал азыр шаардык кеңештин кароосунда. Бекитилгенден кийин автотоктотмо жайларын иретке келтирүү, шарттарды түзүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Андан тышкары, аймактарга бөлүштүрүлүп, акынын өлчөмү, квитанциянын формасын бекитүү каралган", — деди Момоконов.

Ал ишканада уюштуруу укуктук, жайгаштыруу схемасын даярдоо жана ишке ашырууну талдоо бөлүмдөрү боюнча 15 кызматкер иш алып барарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0