Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самыкбаев: автоунаага кошумча нарк салыгын алып салуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт министерства экономики КР Айдарбек Самыкбаев
Эксперт министерства экономики КР Айдарбек Самыкбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын консультанты Айдарбек Самыкбаев 2020-жылдын 1-январынан тарта ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден келген автоунаалардын салыгы машина наркынын 32 пайызын түзөрүн айтты.
Самыкбаев: автоунаага кошумча нарк салыгын алып салуу сунушталууда

Январь айынан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн кирген автоунааларды каттаттуу наркы өзгөргөндүктөн учурда Экономика министрлиги кошумча нарк салыгын алып салууну сунуштоодо. Бул тууралуу Айдарбек Самыкбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, автоунааларды жол-жоболоштурууда төлөнчү салыктын 12 пайызы — кошумча салык.

"Жаңы жылдан баштап чет мамлекеттерден кирген автомашиналарга ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген бирдиктүү салык тарифи киргизилет. Бул унаанын өз наркынын 20 пайызын түзөт. Муну менен катар машина баасынын 12 пайызы кошумча нарк салыгы катары алынат. Учурда биз мына ушул кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча сунуштама киргизип жатабыз. Эгер колдоо тапса, ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден келген темир тулпарларды каттаттуу алда канча арзандайт", — деди Самыкбаев.

Ал салыктар Улуттук банктын валюталык курсу аркылуу сом менен эсептелерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0