Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпов: үйдү газ менен жылытууга өтүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Жусупбек Жакыпов
Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Жусупбек Жакыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Жусупбек Жакыпов мончолордо рейд жүргүзүлүп жатканын айтты.
Жакыпов: үйдү газ менен жылытууга өтүү керек

Учурда кечки саат 6дан түнкү 12ге чейин абанын булганышынын индекси кескин көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Жусупбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мончолорго желим, тигүү цехинен чыккан чүпүрөктөрдү жаккандарды жана көчөлөрдө жалбырак өрттөгөндөрдү административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча 97 протокол түзүлдү.

"Бүгүнкү күндө шаарыбыз 47 конуш менен курчалган. Суук түшкөндөн бери от жагылып, ЖЭБден чыккан түтүн, унаалардан чыккан зыяндуу заттар муздак абада тарап кетпей, уюлгуп туруп калды. Азыркы учурда "Газпром" ишканасы жаңы конуштарга газ түтүктөрүн орнотуп, тургундар үйүн газ менен жылытууга өтө баштады. Бирок мында чыгым көбүрөөк болгондуктан, басымдуу бөлүгү көмүр менен жылытууну тандашат. Шаарыбыздагы жергиликтүү муниципалдык аймактык башкармалыгы менен санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан мончолордогу от жагууну текшерип байма-бай рейд жүргүзүлүп жатат", — деди Жакыпов.

Ал маселени чечүү үчүн үйдү газ менен жылытууга өтүп, кыш мезгилинде газдын баасын төмөндөтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0