Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: суукта баш менен бутту жылуу кармоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов
Медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов муздак температура урологиялык ооруларды козгой турганын айтты.
Мамбетов: суукта баш менен бутту жылуу кармоо керек

Бөйрөк оорулары көбүнчө билинбей жүрүп, анан текшериле келгенде оорулуу экени чыгып калат. Бул тууралуу Жаныбек Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, изилдөөгө ылайык, дүйнө жүзү боюнча эң көп кездешкен оорулардын ичинен урологиялык илдеттер үчүнчү орунда турат.

"Суукта жеңил-желпи кийинип, бутун жылуулабай жүрүү бөйрөктүн, табарсыктын жана жыныс органдарынын сезгенишине алып келет. Илгертен эле ата-бабаларыбыз суук тийип калат, жылуу кийин, башыңды, бутуңду жылуу алып жүр деп айтышкан. Мунун баары негиздүү айтылган сөздөр. Себеби суук аба ырайы бир гана урологиялык эмес, башка бир топ ооруларды козгойт. Учурда көп кездешкен пиелонефрит — бөйрөктүн сезгениши өтө жаман оору. Өрчүшүп кетсе ириңдеп кетет, анан алып салууга туура келет. Андан кийин табарсыктын сезгениши аялдардын арасында көп болууда. Бул ошол эле өзүн жылуу кийинбегендиктен заара чыкпай, оорутуп же кан аралаш чыгат. Өтүшүп кеткенде дарылаганга караганда алдын алган оңой эмеспи. Адамдар аны айтсаң эле каражат жок дешет. Автоунаа алганда, тойго барганда акча бар. Унааны деле жылына техникалык кароодон өткөрөбүз. Өзүбүзгө эмнеге андай көңүл бурбайбыз?!" — деди Мамбетов.

Дарыгер жылына бир жолу текшерилип туруу бир топ илдеттердин алдын аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0