Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касей: музыкалык окуу жайдын 80 жылдыгына карата китеп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПреподаватель в музыкальном училище им. Муратаалы Куренкеева Муратбек Касей
Преподаватель в музыкальном училище им. Муратаалы Куренкеева Муратбек Касей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар жана элдик ырдоо классынын окутуучусу Муратбек Касей 80 жылдыкка карата атайын китеп чыгарылганын айтты.
Касей: музыкалык окуу жайдын 80 жылдыгына карата китеп чыкты

Аталган китепте музыкалык окуу жай кандайча ачылып калган, анын директорлору, Күрөңкеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы сыяктуу маалыматтар камтылып, айтор, окуу жайдын ушул жылга чейин басып өткөн жолу жазылган. Бул тууралуу Муратбек Касей Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган училищеден СССРдин эл артисттери Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз эл артисттери Насыр Давлесов, Каныкей Эралиева жана башка таланттар билим алышкан.

"1939-жылы Москвада кыргыз элдик адабияты жана искусствосунун декадасы болуп, ошондон кийин музыкалык окуу жай ачуу боюнча токтом кабыл алышты. Аталган окуу жай 1940-жылы окуучуларды кабыл алып, толук кандуу ишке киришкен. Кийинчерээк ушул училищеде көп жыл бою эмгектенген Муратаалы Күрөңкеевдин ысымы ыйгарылды. Себеби түрдүү аспаптарда ойноп, анын кыргыз элдик музыкасына кошкон салымы өтө зор. 1990-жылы окуу жайда залкар комузчу, кыякчынын музейи ачылган. Кызыккандар үчүн музейдин эшиги дайыма ачык", — деди Касей.

Ал учурда окуу жайда тогуз бөлүмдө 300дөй студент билим алып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0