Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамасалиева: 10 айда 10 миңге жакын үй-бүлө ажырашты

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева 18 жашка чейинки балдары, талаша турган мүлкү жок жубайлар сотко кайрылбай эле Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнөн никени жокко чыгаруу күбөлүгүн ала алышарын айтты.
Мамасалиева: 10 айда 10 миңге жакын үй-бүлө ажырашты

2019-жылдын 10 айында республика боюнча 9255 үй-бүлө ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк алды. Бул тууралуу Асмат Мамасалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ажырашкан үй-бүлөнүн балдарына караганда жарандык никеде турган жубайлардын перзенттери документ алууда кыйынчылыктарга көп туш болушат.

"Мыйзам боюнча талаша турган мүлкү, 18 жашка чейинки балдары жок жубайлар ЖААКка кайрылуу менен никени жокко чыгарган күбөлүктү арыз жазгандан бир айдан кийин ала алышат. Эгер эрезеге жете элек балдары же талашка түшкөн үй-жайы болсо, ажырашуу процесси сот аркылуу чечилет. Быйылкы жылдын 10 айында 9255 үй-бүлө ажырашты. Бул, албетте, көп. Мындан сырткары, никесин каттатпай жашап жүргөн түгөйлөр бар. Мунун бардыгы балдарды документтештирүүдө тоскоолдуктарды жаратууда", — деди Мамасалиева.

Адис ата-энелердин балдардын алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгы учурда курч тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0