Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмазова: сулуулук жаатында билим алууга 100 миң сомдой сарптадым

© Sputnik / Табылды КадырбековХанты-Мансийск шаарында (Россия) сулуулук студиясын негиздеген Раушана Алмазова
Ханты-Мансийск шаарында (Россия) сулуулук студиясын негиздеген Раушана Алмазова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ханты-Мансийск шаарында (Россия) сулуулук студиясын негиздеген Раушана Алмазова аталган шаарда атаандаштык аз экенин айтты.
Алмазова: сулуулук жаатында билим алууга 100 миң сомдой сарптадым

Учурда Кыргызстанда сулуулук салондору жайнап кеткен. Атаандаштык күч. Андан тышкары, мен иштеп калган салондордо ар бир кызматкерден салык алынчу. Бул тууралуу Раушана Алмазова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ханты-Мансийск шаарындагы сулуулук студиясы ай сайын 100 миң рублдан ашык киреше алып келет. Кызматкерлердин айлыгы 40-50 миң рублга чейин барат.

"Кичинемден бери өз алдымча болгонго көнүп калгам. Жогорку окуу жайда окуп баштаганда апам Россиядан кийим ал деп акча жөнөтүп турчу. Бирок мен каражатты кийимге коротпой тырмак жасоочу жабдыктарды сатып ала бергем. Тырмак, кирпик жана каш жасоону үйрөнүү үчүн 4-5 жылдын ичинде баш-аягы 100 миң сомдой сарптадым. Мунун ичине курстарга төлөгөн акча, сулуулук жаратуу үчүн сатып алган жабдыктар кирет. Үч айлык каникул убагында Хантыга барып-келип иштеп, окуумдун акчасын төлөп, өзүмдү жана сиңдимди кийинткенге жарачумун. Ушул жылдын башында Ханты-Мансийск шаарында сулуулук студиясын ачтым. Башында кардарларды кантип табам, ишим кандай жүрөт деп коркком. Бирок жасаган ишибиз сапаттуу болгондуктан бат эле кардар таптык. Бул иштин артынан чогулткан каражатка автоунаа сатып алганга жетиштим", — деди Алмазова.

Ал Ханты-Мансийск шаарындагы Югорск мамлекеттик университетинде финансы жана кредит факультетинде окуусун улантып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0